Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү. 19-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 595 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 19-январга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрүн кабарлады.

17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт.

19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

19-21-январда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°,

Талас аймагында түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,

-тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болот.

20-22-январда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз — 2° сууктан…+3° жылуулукка чейин,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°,

тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM