Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган төрт кыргызстандык — Закир Юбуров, Адан Хуров, Ильяс Мачо жана Абду-Рахим Джиншанло абактан кое берилди.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугунун, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишилген.
Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен алар Казакстандын аймагында калышаарын билдиришкен.