Биз менен байланышыңыз

16-январда айрым аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 219 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 16-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Баткен облусунун тоо этектеринде, Чаткал өрөөнүндө, Токтогул ойдуңунда, Чычкан капчыгайында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу жолдордо муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында ​түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +13…+15.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM