Биз менен байланышыңыз

Министрлер кабинети унаалардын терезесин караңгылатууну колдоду

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 523 | 0

Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды.

Бул туурауу Министрлер кабинетинин 14-январдагы жыйынында маалым болду.

Караңгылатуу үчүн төлөмдүн өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Экономика жана соода министрлиги унаалардын алдыңкы эшиктеринин терезесин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштаган. Бул боюнча мыйзам жазылып, Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлду. Министрлик мыйзам долбоорунун максаты — өлкө казынасына салыктык эмес кирешелердин да түшүүсүн көбөйтүү экенин айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM