Биз менен байланышыңыз

БШК: Кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 26га жетти

Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 450 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 26га жетти.

Боршайкомдун маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда, 27-январь саат 18:00дө аякташы керек.

Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

Аталган округдарда 28-ноябрда өткөн шайлоодо «бардыгына каршы» болгондор басымдуулук кылган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлер:

№ 27 Биринчи май округу боюнча талапкерлер:

— Сартаев Анвар Айдарович;

— Токтакунов Нурбек Акбарович;

— Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

— Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;

— Аматов Рысбай Аматович;

— Акылбеков Русланбек Акылбекович;

— Гапаров Адылбек Абдикаримович;

— Момбеков Рыскелди Чыныбекович;

— Кермалиев Таалайбек Жеңишович;

-Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич.

№ 29 Свердлов округу боюнча талапкерлер:

— Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

— Жолдошова Назгүл Амантуровна;

— Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

— Алмамбетова Гуля Идиновна;

— Бейшенбаев Эдил Нурбекович;

— Султанбеков Муратбек Кенешбекович;

— Атазов Шайлообек Карыбекович;

— Карамушкина Ирина Юрьевна;

— Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;

— Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

— Алканова Элнура Сайдиракмановна;

— Бакиров Бакыт Жеентаевич;

— Саадабаев Бакыт Муратбекович;

— Маматкулов Нурланбек Жолошович;

— Аспек уулу Азамат;

— Муртазалиев Абдурахман Шамильевич.

Copyright © 2017 Maral FM