Акжол Бакиров Ош облусунун Өзгөн районунун башкы имам-хатиби болуп дайындалды.
Муфтияттан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койгон. Акжол ажы Бакиров буга чейин облустук казыяттын түзүмдөрүндө иштеп келген.
Бакиров Акжол Акжигитович 1989-жылдын 25-августунда Ош облусуна караштуу Алай районунун Тогуз-Булак айылында туулган. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.