Биз менен байланышыңыз

Сатыбалдиев: Мен аскерлерди Казакстанга жөнөтүүгө каршымын

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 3051 | 1

Мен Кыргызстандын аскерлерин ЖККУнун бейпилдик орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстанга жөнөтүүгө каршымын. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын пикиринде, Казакстанда болуп жаткан окуялар ички маселе, эгерде сырттан кол салуу болгондо, анда аскерлерди жиберүүнү карап көрсө болмок. Кыргызстан Казакстанга аскердик эмес, гуманитардык колдоо көрсөтүшү керек.

Ошондой эле ал депутаттардын көпчүлүгү сыртта жана аймактарда болгондуктан, эртең да кворум болбой калышы мүмкүн экенин айтты.

1 пикир

1 пикир

  1. Abbas

    06.01.2022 19:01

    Азамат,колдой!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM