Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк имамдар кеңеши мусулмандарды Кытай олимпиадасына барууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Янв 2022 | 4855 | 0

Дүйнөлүк имамдар кеңеши Кытайдын борбору Пекинде 4-20-февраль күндөрү өтө турган Кытай Олимпиадасынын алдында билдирүү жасады.

Анда мусулмандардын Олимпиадага баруусуна тыюу салынганы айтылат.

Имамдар кеңеши Синьцзяндагы бийлик тарабынан кыйноого дуушар болуп жаткан кытайлык мусулмандарга колдоо көрсөтүү чечимине келген.

«Азаттыктын» орус кызматынын маалыматы боюнча, билдирүүгө Орусия, Оман, Египет жана башка өлкөлөрдүн муфтийлери кол коюшкан.  Ошондой эле, Бүткүл дүйнөлүк уйгурлар конгрессинин жетекчисинин да колу бар.

Арызда казак баш имамынын колу жок.

«Биз азап тартып жаткан уйгур мусулмандарын колдойбуз. Кытай өкмөтү зулум, кыйноо жана диктатура аркылуу жергиликтүү мусулмандардын негизги укуктарын бузууну улантууда. Нажаф шаарындагы Ыйык Ислам семинариясы жана ислам дүйнөсүнүн белгилүү муфтийлери тарабынан Кеңешке берилген ыйгарым укуктарга ылайык, дүйнөлүк имамдар кеңеши «Пекин 2022» Олимпиадасына катышууга тыюу салган чечим чыгарды. Бул окуя уйгурларды геноцидге жана этникалык тазалоого жооптуу болгон тирандык, деспоттук режимдин кызыкчылыгына түздөн-түз кызмат кылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Имамдардын дүйнөлүк кеңеши – мусулман дүйнөсүндөгү эң биринчи жана ири трансулуттук өкмөттүк эмес уюм.

Буга чейин АКШ жана башка бир катар өлкөлөр Бээжиндин аракетине дипломатиялык бойкот жарыялашкан.

Кытайдагы, айрыкча Синьцзян аймагындагы мусулмандар бийликти мажбурлап иштетүү, төрөттү мажбурлоо, жергиликтүү элдин маданий жана диний өзгөчөлүгүн жок кылуу жана балдарды камактагы ата-энелеринен ажыратып салуу үчүн айыпташууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайда болуп жаткан окуяларды геноцид деп атаган.

Copyright © 2017 Maral FM