Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы жылды тосууга даярдык боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрдү.
Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, негизги майрамдык иш-чара 31-декабрда саат 19:00дө «Ала-Тоо» борбордук аянтында концерттик программа менен коштолот.
Борбордун мэри шаардагы окуялар учурунда коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, борбордун укук коргоо органдарына шаарда, өзгөчө шаардыктар көп топтолгон жерлерде тартипти көзөмөлдөөнү тапшырды.