Биз менен байланышыңыз

АКШ 2022-жылга карата аскердик бюджетин 768,2 млрд доллар деп белгиледи

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2021 | 263 | 0

Американын президенти Джо Байден 2022-жылга 768,2 миллиард доллар өлчөмүндөгү коргонуу бюджетине кол койду.

Америкалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, бул сумманын ичине украин армиясын окутуу жана жабдуу үчүн 300 миллион доллар бөлүү да кирген. Анын ичинен 75 млн доллары курал-жарактарды сатып алуу үчүн көрсөтүлгөн.

Буга чейин бюджет үчүн 363 конгрессмен (70ке каршы) жана 88 сенатор (11ге каршы) добуш берген, деп жазат The Hill. Бюджет долбоорунда “Түндүк агым-2” газ кууруна каршы санкциялар жана орусиялык газды сатып алууга тыюу салган өзгөртүүлөр киргизилген эмес. Бирок 150 миллион доллар Балтика өлкөлөрү менен коопсуздук жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, 4 миллиард доллар Европалык коргонуу демилгесине жумшалат.

Которгон: Майрамгүл Алиева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM