Биз менен байланышыңыз

Лай Циндэ: Тайванды талкалоо Пекиндин башкы максаты экенин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2024 | 334 | 0

Тайван Пекин менен согушууну көздөбөйт жана анын саясаты Кытайдын аралды басып алуусунан коргонуууну күчөтүү болуп саналат, деп белгиледи Тайвандын коргоо министри Веллингтон Ку 17-июндагы билдирүүсүндө.

Кытай Тайванды өз аймагы катары эсептейт. Демократиялык жол менен башкарылган Тайван Кытайдын дооматтарын четке кагып, өзүн эгемендүү өлкө катары жарыялап келет.

Тайвандын президенти Лай Циндэ  17-июнда «Кытай Тайвандын аннексияланышын жана жок кылынышын өзүнүн улуттук максаты деп эсептейт»,-деп билдирди. Ал ошондой эле аскерлерге кайрылып «биринчи салгылашуу, акыркы салгылашуу» деген жеңилүүгө алдырбоо керек деп кеңешин берди. Парламенттеги журналисттердин Тайван АКШнын жардамысыз Кытай чабуулунан канча убакыт жашай алат деген суроосуна Тайвандын максаты Кытайдын басып алуу жөндөмүн алсыратууга багытталган — деп жооп берди.

«Биз согушту эч качан каалабайбыз. Биздин стратегиянын бардыгы коргонуу операциялары экенин биз так билебиз», — деп кошумчалады ал.

Кытай учурдагы Тайвандын жетекчисин аралдын көз карандысыздыгын таанууну талап кылуу менен чыр-чатакты тобокелге салган кооптуу сенпаратист катары эсептейт.

Лай Циндэ Тайвандын келечегин Тайвандын эли гана чече аларын айтып, Бээжинге бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү сунуштаганын бирок жоопсуз калганын билдирген.

Буга чейин АКШнын президенти Джо Байден да Америка Кошмо Штаттары Тайванга Кытай тарабынан чабуул жасалса, аны коргоого  АКШ көмөк көрсөтөт деп билдирген.

Акыркы жылдар аралыгында Кытай менен Тайвандын ортосундагы саясий абал курчуп, эки тарап бири бирине доомат коюп, айыптап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM