Биз менен байланышыңыз

БРИКС 2024: Кыргызстандык спортчу айымдар ушу таолу боюнча 3 медаль жеңди

Кыска кабар , Спорт | 17 Июн 2024 | 295 | 0

Кыргызстандын ушу таолу боюнча курама командасы Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Эл аралык БРИКС спорттук оюндарында 3 медаль жеңишти анын ичинен 1 күмүш, 2 коло.

Кыз келиндер арасында Элес Кокумбек кызы күмүш жана коло медалга ээ болсо, Айсалкын Ташматова 3-орунду ээледи.

Курама команда машыктыруучулар Евгений Лопаткин жана Наталья Нещереттын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Спорттук иш-чара 12-июнда башталган, 25-июнда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандын атынан  спорттун 14 түрү боюнча 100дөн ашуун спортчу катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM