Биз менен байланышыңыз

18-июндун аба ырайы

Кыска кабар | 17 Июн 2024 | 135 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31

Баткен облусунда, түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27

Бишкекте  түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын  температурасы түнкүсүн +18…+20°, күндүзгү +31…+33° нөлдөн жогору болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM