Биз менен байланышыңыз

Кызамыкка каршы акысыз эмдөө уланууда

Кыска кабар | 17 Июн 2024 | 150 | 0

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен биилдиришкендей, кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды.

Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 25 миңге жакын бала эмдөөдөн өттү, бул максаттуу топтун 35%ын түзөт.

Эмдөө кызамыкка каршы вакцина менен жүргүзүлөт жана экинчи этап үчүн каражат Кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында түзүлгөн Эпидемияга жооп кайтаруу фонду тарабынан бөлүнгөн.

Ай сайын кызамык оорусунун жаңы учурлары азайганына карабастан, вирус дагы эле активдүү. Балдардын жана чоңдордун арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуулардын көптүгү оорунун негизги себеби болуп калууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-июнуна карата өлкөдө кызамык менен ооруган 10 798 учур катталган.

Эмдөөдөн 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы бардык балдар өтүүгө тийиш.

Эмдөөнү үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан, үй-бүлөлүк дарыгерлик топтордон, фельдшер-аккушердик пунктларынан жана көчмө эмдөө бригадаларынын пункттарынан акысыз алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM