Биз менен байланышыңыз

Ташкенттен Ыссык-Көлгө аба каттам ачылды

Кыска кабар | 17 Июн 2024 | 122 | 0

 «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Ысык-Көлгө каттамды Өзбекстандын Silk Avia компаниясы ачты. Мындан ары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

«16-июнда Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Учуу убактысы эки саатка созулган. Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү, тагыраагы июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM