Биз менен байланышыңыз

Ыкчам штаб: ПЧР тесттерди текшерүү күчөтүлөт

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 297 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Анда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана мекеменин кызматкерлери маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу.

Жыйындын катышуучулары omicron штаммынын өлкөгө кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүндө ПЧР-сертификаттардын аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүү тууралуу сөз болду.

Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ар бир жаран аталган дозаны өз алдынча тандап ала алат жана бүгүнкү күндө республикада вакциналардын жетиштүү запасы бар.

Бустердик кошумча доза алгачкы эмдөөнүн толук курсу аяктагандан кийин кеминде алты айдан кийин алынышы керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM