Биз менен байланышыңыз

Адвокат: Равшан Жээнбеков 28-декабрда абактан бошотулушу керек

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 975 | 0

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун «Кой-Таш» иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Аны тергөө абагында кармоо мөөнөтү узартылган жок.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда кабыл алганын жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 28-декабрда Равшан Жээнбеков №1 тергөө абагынан чыгарылышы керек.

«Соттун мындай чечимине Равшан Жээнбековдун бир жылдан ашык абакта отурганы, айыпталуучулардын айрымдары бир жылдан ашык убакыт үй камагында болгону себеп болгон. Жаңы Жазык-процесстик кодекс бул бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн 1 жылдан ашык узартууга тыюу салат», — деди жактоочу.

«Кой-Таш» окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка айыпталгандардын баш коргоо чарасы да жокко чыгарылды. Бул ишке айыпталгандардын катарында депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, ошондой эле Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев бар.

Мындан тышкары сот Фарид Ниязовдун камактагы мөөнөтүн узарткан жок.

Буга чейин эки кылмыш иши боюнча Алмазбек Атамбаевдин иши кыскартылган. Бирок Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча акыркы өкүмдүн негизинде камакта отурат.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталып, август айында экинчи жолу камакка алынган. Ал быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон.

Copyright © 2017 Maral FM