Биз менен байланышыңыз

Жапаров Эл аралык Түрк академиясынын президентин кабыл алды

Кыска кабар | 21 Дек 2021 | 320 | 0

Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралини кабыл алды.

Түрк элдеринин маданияты менен салттарын сактоо жана бекемдөө боюнча пикир алмашууда бул багытта тыгыз кызматташуу маанилүү экени белгиленди.

Садыр Жапаров ата-бабалардын салтын улантуу менен кыргыз тарап кыргыз-казак эки тараптуу мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар дайым даяр экенин айтты.

Мындан сырткары Жапаров Дархан Кыдырали Эл аралык түрк академиясынын биринчи президенти катары түрк тилдүү элдердин илимий жана билим берүү ишмердигин өнүктүрүү, ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик ишмерлеринин демилгелерин колдоого чоң салым кошуп келе жатканын кошумчалады.

Дархан Кыдырали Мамлекет башчысына жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Эл аралык Түрк академиясынын иши жана анын артыкчылыктуу милдеттери менен пландары тууралуу айтып берди.

Ал кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Эл аралык Түрк академиясы тарабынан үстүбүздөгү жыл — Жусуп Абдрахмановдун жылы деп жарыяланганын маалымдады.

Дархан Кыдырали Академия келерки 2022-жылды кыргыз окумуштуу-агартуучусу Ишеналы Арабаевдин урматына жарыялоону пландап жатканын белгиледи.

Эл аралык Түрк академиясынын ишмердиги тууралуу айтып берип, китептердин көпчүлүгү кыргыз тилинде анын ичинде энциклопедиялар жана «Манас» эпосу жарык көргөнүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM