Биз менен байланышыңыз

Баткен-Лейлек жолунда унааларга таш ыргытуу болгон эмес

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 497 | 0

Баткендин Самаркандек айылынын Баткен-Лейлек жол тилкесинде белгисиз бирөөлөр жолдон өткөн унааларга таш ыргытышканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Социалдык тармактарда тараган аудиожазуулар текшерилип, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу, ошондой эле чек арага жакын аймактардын калкына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат тастыкталган эмес.

Мындан тышкары Баткен-Лейлек жол тилкесинде жүргөн Кыргызстандын жарандарынан кайрылуулар түшкөн эмес.

Кечээ, 16-декабрда Баткен-Лейлек унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында тараптардын чек ара тозоттору көрсөтүлдү.

17-декабрга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM