Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына иш сапары жыйынтыкталды. Ал эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, «EXPO 2020» көргөзмөсүнө катышты.
Анын алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чара өттү.
Мындан тышкары, Дубай шаарынын полициясынын «Акылдуу шаар» борборуна жана Абу-Дабидеги «Masdar City» жогорку технологиялык эко-шаарчасына барды.