Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Ооруканалардын бири 7 миң шыпыргы, 4 миң чака сатып алган

Кыска кабар | 15 Дек 2021 | 6658 | 1

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган жыйынга катышты.

Анын маалыматында, 6 жыл ичинде мыйзам 11 жолу өзгөртүлгөн, бирок процедуралар жеңилдетилген эмес.

«Моюнга алуу керек, азыркы мамлекеттик сатып алуу системасы формалдуу түрдө гана «ачык-айкын», бардык сатып алууларды электрондук портал аркылуу жүргүзөт. Чындыгында система коррупция үчүн жылчыктарды калтырат, анын бири акчанын изин жашыруу болуп саналат», — деди Акылбек Жапаров.

Ал Ички иштер министрлигинин ички аскерлериндеги коррупциялык ишти мисалга келтирди. Атап айтканда, 33 млн 946 миң сомду жалган фирмалардын эсебине которушуп, кийинчирээк аны өз чөнтөктөрүнө салып коюшкан.

«Бул акча өздүк курамга азык-түлүк жана кийим-кече сатып алууга багытталган. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча күмөн жараткан сатып алуулар аныкталган. Маселен, ооруканалардын бири 6,8 миң шыпыргы жана 3,8 миң чака сатып алган», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү коомдук угууда эл аралык өнөктөштөр «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына оң баасын беришкен.

1 пикир

1 пикир

  1. Алмаз Тажыбай

    16.12.2021 11:00

    Учурдагы мамлекеттик сатып алуу системасы административтик жемкорлуктун жүрөгү болуп саналат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM