Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан -БАЭ» бизнес-форумунда 3 млн долларлык келишим түзүлдү

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 462 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмираты» бизнес-форумуна катышты.

Иш-чарага Кыргызстандын 40 компаниясынан өкүлдөр да барган. Бизнес-форумда тамак-аш жана жеңил өнөр жай, IT, энергетика жана фармацевтика тармагында иш алып барган 100дөн ашуун бизнесмен болду.

Жыйынтыгында жалпы суммасы 3 млн 200 миң долларлык тышкы соода келишимдерине кол коюлду.

Келишим төмөнкү компаниялар ортосунда түзүлдү:

—  «Торо» жана Bio Agro Meat Trading — топоз этин сатуу;

—  «Дордой-Балыкчы» ЖЧК жана Smart gate food, Trans Emirates Livestock Trading, Etejhat Sale of refrigerated and frozen meat LLC — уй-кой сатуу;

— «Ноктюрн» ЖЧК жана Jiwar trade EST, Yash Herbs&Honey trading Maysalon — бал сатуу;

— «Сан планет» ЖЧК жана IMXPOWER соода компаниясы — кара өрүк жана жаңгак сатуу;

— «Аман-Гринфуд» ЖЧК жана Foodya world foodstuff trading LLC — бал сатуу.

Copyright © 2017 Maral FM