Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту “Сезим” кризистик борбору менен бирге иш алып барат

Кыска кабар | 21 Окт 2018 | 1139 | 0

Акыйкатчы институту менен “Сезим” кризистик борбору кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында акыйкатчы Токон Мамытов “Сезим” кризистик борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып кайткан. Анын алкагында уюмдун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча кеп болгон.

Кошумчалай кетсек, түзүлгөн меморандумдун мөөнөтү беш жыл болуп белгиленди.  “Сезим” кризистик борбору 1998-жылдан бери зомбулукка кабылган аялдардын укуктарын коргоп, аларга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүп келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM