Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында иштеп жаткан 415 юридикалык ири жана орто ишкана катталган.
Баткен облусунда -7, Жалал-Абад облусунда -38, Ош облусунда – 28, Ысык-Көл облусунда -25, Нарын облусунда -11, Талас облусунда -4, Чүй облусунда -136, Бишкек шаарында -146 жана Ош шаарында -20 ишкана бар.
Ошондой эле, жогоруда айтылган тармакта иштеген 10 миң 813 жеке ишкер катталган. Алардын 1214ү Баткен облусунда, 1499у Жалал-Абад облусунда, 712си Ысык-Көл облусунда, 562 ишкер Нарын облусунда, 3021 ишкер Ош облусунда, Талас облусунда -194, Чүй облусунда -1815, Бишкек шаарында — 1093 жана Ош шаарында – 703 ишкер катталган.
Кайра иштетүүчү өнөр жайы продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү дээрлик 20 пайызды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 53139,2 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлгөн.
Ал эми 2024-жылдын 30-ноябрына карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча 400 субъекти катталган. Анын ичинде сүт продукциясын өндүрүү боюнча — 44, бал чогултуу жана сатуу — 68, балык кайра иштетүү — 44, термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү — 21, улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3, касапкана — 11, тирүү малды өстүрүү жана сатуу — 35, канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар — 10, мал азыгын өндүрүү жана сатуу — 23, жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 126, жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү — 14, ветеринардык препараттар — 1.