Биз менен байланышыңыз

Белгилүү журналист Мегин Келли NBCден кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 972 | 0

Американын жогорку мамлекеттик теледебаттарынын алып баруучусу, Трамп, Путиндер менен болгон чуулуу интервьюлары менен белгилүү журналист Мегин Келли өзү иштеген NBC телекомпаниясынан чыгарылды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Келлинин кызматтан кетүүсүнө анын расисттик пикири себеп болгону айтылууда. Маалыматка караганда, телеберүүлөрдүн биринде кара терилүү адамдын маскасы тууралуу орунсуз сөз сүйлөп, башкаларды иренжиткен.

Бирок ага чейин деле Келлинин дарегине АКШ президенти Дональд Трамп баш болгон америкалык топтор тарабынан терс сын-пикирлер келип турчу. Трамп ал алып баруучу болгон теледебатка келүүдөн баш тартып, себебин Мегинди жактырбашы менен түшүндүргөн.

Өзгөчө анын Орусия президенти Владимир Путин менен болгон маеги көпчүлүк америкалыктардын сынына дуушар болгон. Келли өзү Путиндин мыкты саясатчылыгын, акылынын курчтугун ачык айтып келет. Жада калса, андан интервью алып жатып Путин-Трамп мамилесин көп козгочу.

Келлинин NBC телеканалы менен түзгөн келишиминин аяктоосуна эки жылга чукул убакыт калган болчу. Келишимди биринчи болуп бузганы үчүн телеканал ага калган эки жылдык маянасын берүүсүн талап кылууда. Жылдык маянасы 25 миллион доллар болгон журналист эки жылдык 50 миллион долларды төлөп берүүсү керектигин айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM