Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Араб эмираттары 10 млрд долларлык келишим түзүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 783 | 0

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Абу-Даби эмирлигинин мураскер канзаадасы шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахаяндын сүйлөшүүлөрүндө 10 млрд долларлык келишимге кол коюшту.

Сүйлөшүү БАЭнин баш калаасында өттү. 50 жыл ичинде дүйнөлүк экономикалык борборго айланган мамлекет менен тажрыйба алмашууга Өзбекстан кызыкдар экенин Мирзиёев билдирген.

2018-жылы Өзбекстан менен БАЭнин ортосундагы товар жүгүртүү 400 млн АКШ долларын түзгөн. Деген менен кызматташтык эң жогорку деңгээлге чыккан деп айтууга болбой турганын Мирзиёев белгилейт.

Өкмөттөр аралык комиссиянын алдында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча товар жүгүртүүнү жылына 1 млдр долларга жеткирүү тапшырмасы бар. Өзгөчө туризм тармагына басым жасалат.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин инвестиция, финансы, альтернативдик энергетика, өнөр жай жана инфраструктуралык өнүгүү, айыл чарбасы боюнча келишимдерге кол коюлган. Дал ушул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында келишим 10 млрд долларга жеткени кабарланууда.

Мындан сырткары Мирзиёев менен шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахаян соода алаканы, энергетика жана инфраструктура чөйрөсүндөгү байланыштарды кеңейтүү, илим жана билим берүү жаатында кызматташуу боюнча макулдашкан.

Copyright © 2017 Maral FM