Биз менен байланышыңыз

Кыргызпатент автордук укукту коргоо багытында келишим түздү

Кыска кабар | 28 Окт 2018 | 1080 | 0

Интеллектуалдык менчик жана инновация боюнча мамлекеттик кызмат жана Көз каранды эмес телерадиокомпаниялар ассоциациясы кызматташуу боюнча келишим түзүштү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы билдирди.

Эки мекеме телерадио тармагындагы автордук укукту коргоо багытында иш алып барууну көздөйт.

Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошеванын айтымында, интеллектуалдык менчик боюнча маселелерди чечүүдө жаңы ыкмаларды иштеп чыгуу зарыл.

Эскерте кетсек, Көз каранды эмес телерадиокомпаниялардын ассоциациясы ушул жылы 2-октябрда түзүлгөн. Ал эми Кыргызпатент ишмердүүлүгүн 1993-жылдын 15-июнунан бери жүргүзүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM