Биз менен байланышыңыз

Автордук укук корголуп, бааланып, түшүндүрүлүшү керек!

Билим-маданият | 7 Фев 2020 | 903 | 0

Телерадио, театрлар, кафе, ресторан жана мейманканалар ата мекендик чыгармаларды пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөөгө тийиш. Чогултулган каражат композитор, ырчыларга, авторлорго жылына 1 жолу бөлүнүп берилет. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматы (Кыргызпатент) былтыр 12 млн сом каражат чогулткан. Анткен менен бир катар чыгармачыл инсандар, искусство адамдары өлкөдө автордук укук корголбой келе жатканына нааразы. Кыргызстанда авторлордун укугу канчалык деңгээлде корголуп, мамлекет буга канчалык даражада көңүл буруп жатканын төмөнкү материалдан биле аласыздар.

Чыгармачыл чөйрөдөгү белгилүү ырчылар, маданият кызматкерлери, ойлоп табуучуларга мамлекет сый акы төлөйт. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматына катталгандар гана жылына 1 жолу сый акы алышат. Мисалы, былтыркы жылы ырчылардан Бек Борбиев жана Мирбек Атабеков эң көп сый акы алган.

Ырчы Замир Арыкбаев ырларын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына каттаткан. Бирок ал сый акы кантип эсептелерин билбейт. Анын айтымында, буга чейин жогоруда айтылган мамлекеттик кызмат кагаз түрүндө отчет бере элек:

-Чыгармачылыгымды баштагандан тарта, ырларымды Кыргызпатентке каттатып келем. Чыгарманын популярдуулугуна жараша ар кандай суммада акча төлөшөт. Негизинен, Кыргызпатент буга чейин бир да жолу кагаз түрүрдө отчёт берген эмес, болгону алардын эсептеп берген суммасын алабыз. Чыгарманын кайсы телеканал, радиодон канча жолу көрсөтүлүп, угузулганынын санын так билбейбиз. 

Инспекторлор мекемелерге барып, ошол жайдагы орундарды санап, атайын формула менен эсептеп чыгарат. Телевизор, фонограмма, жандуу үн менен музыка болобу, алар милдеттүү түрдө автордук сый акы төлөйт. Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева 6-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Өлкө боюнча ата мекендик чыгармаларды колдонгон мекемелер менен келишим түзүлүп келет, бирок келишим түзүүдөн баш тарткандар да жок эмес. Ошондой эле, авторлор өздөрүнүн чыгармаларын убагында келип каттатпагандыгын Кыргызпатенттин басма сөз катчысы Гулбара Кудайбердиева өз сөзүндө белгилеп өттү:

-Кыргызпатент кафе-ресторан, мейманкана, телерадиолор менен келишим түзүп, авторлорго сый акы төлөйт. Биз бардык мекемелер менен иштешип келебиз. Региондордо да кызматкерлерибиз бар, алар да барып убагында текшерип турат. Кээ бир учурда мекемелер келишим түзүүдөн баш тартышат. Былтыркы жылы интеллектуалдык менчикти пайдалануунун эсебинен 12 млн сом каражат чогулду. Эми бул сумманы авторлорго, композиторлорго бөлүп беребиз. 

Ал эми Акбар Кубанычбеков  жыл өткөн сайын гонорардын да баасы көтөрүлүп жатканын белгилеп, автор өзү чыгармасын сактоого кызыкдар болушу керек дейт:

-Негизи, автор өз чыгармасынын сакталышына, автордук укугунун корголушуна жеке өзү кызыкдар болушу керек. Кыргыз патент иштеп жатат, акыркы жылдары сый акынын баасы көтөрүлдү. Мисалы, мен акыркы жолу автордук укугум үчүн 100миң сомдон ашуун акча алгам. Алардын кандай кылып эсептешкенин мен билбейм. Азыркы учурда көпчүлүк башка бирөөнүн чыгармаларын аткарып жүргөнүнө күбө болуп жүрөбүз.

Акыркы убактарда авторлор да, ырчылар да жакшы түшүнбөй келген интеллектуалдык менчик, автордук укук тууралуу «Тынчтыктын мониторинг сервисинин» (ТМС)  жетекчиси Тынчтыкбек Кожобеков чыгарманын үлүшү бааланып, анын милдеттүү түрдө корголушу керектигине токтолду:

-Автордук укук деп өзү жараткан материлды үлүш катары көрүү керек. Биринчиден, аны эл түшүнүшү керек. Көпчүлүк ырчылар муну жакшы түшүнбөй жатат. Өзүнүн укугун билбей эле, Кыргыз патентке келип алып акча талап кылышат. Автордук укук консерваторияда, музыкалык окуу жайларда атайын дисциплина катары окутулушу керек. 

Кыргызпатенттин расмий маалыматы боюнча үч миңден ашык автор 18 миң музыкалык чыгармасын расмий түрдө каттаткан.

Copyright © 2017 Maral FM