Биз менен байланышыңыз

Чеченстан: Ырчыларга бийликтин уруксаты жок ырдоого тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 1417 | 0

Мындан ары Чечестандагы социалдык түйүндөрдө популярдуулукка жеткен жергиликтүү поп-ырчыларга бийликтин уруксаты жок чыгармаларын жарыялап, концерттерде ырдоого тыюу салынды. Мындай чечимди Чеченстандын Маданият министри Хож-Бауди Дааев кабыл алды.

Ырлары орунсуз делген аткаруучуларды иш бөлмөсүндө кабыл алган министр аларда «музыка жөнүндө эч кандай түшүнүк жоктугун» жана ырчы болууга татыксыз экенин айткан.

«Мындай аткаруучулардын Чеченстандын сыртында жана үйлөнүү тойлордо ырдап жатышы уят. Бизде бийлик жана мыйзам бар, ошондуктан, каалаган жерде, каалаган ырды ырдай берүүгө болбойт», — деген Дааев.

Ошондой эле, ырчы болгусу келгендердин репертуарындагы ырлар Маданият министрлигинин алдындагы атайын комиссия тарабынан жактырылышы керектигин белгилеген.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен түзүлгөн бул комиссия ырдын сөзү менен обонунун чечен маданиятына туура келер-келбесин текшерет. Ырларды комиссиянын расмий жактыруусунан кийин гана ырдай алат.

Copyright © 2017 Maral FM