Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ырчы болуу оңойбу?

Билим-маданият | 25 Фев 2019 | 2111 | 0

Акыркы жылдары жаш ырчылардын дарегине сындар арбын айтылып келет. Анткени алардын аткарган чыгармалары көпчүлүктү канааттандырбайт. Бирок алардын арасында чыныгы таланттуулары дагы жок эмес. Мындан улам ырларды жаздыруу оңойбу деген суроо жаралбай  койбосо керек. Бул туурасында шаардын жашоочуларынын оюн билүүгө үлгүрдүк.

Мекендештерге суроо узатканыбызда, ырчылар көп бирок сапаты жоголуп баратканын айтышты. Арасында алар жактырган таланттарды кол менен гана санап берүүгө мүмкүн болду. Замандын талабына ылайык ырларды техниканын жардамы менен жаздырып, тойду көздөй жөнөгөн ырчыларга нааразы.

-Ырчынын көбүнө кошулам. Көп болгону жакшы. Бирок сапаттуу чыгарса деп ойлойм.

-Азыр ырчылар толтура. Өзүм жаш болсом дагы, жаңы жаш ырчыларды тааный бербейм.

-Элдин баары тойго чыгыш үчүн эле ырчы болуп калды окшойт. Ырга кетирген акчасын эртеси күнү бир эле жакшылыкка барат дагы эки эселеп чыгарып алат.

-Саны көп, сапаты жок деген нерсе чоң роль ойноп жатат. Бул нерсе мени өкүндүрөт. Билимдүү, таланттуу ырчылардын атын, сабатсыз ырчылар булгап жатканы жаман көрүнүш.

КР Эл артисти Гүлнур Сатылганова таланттуу ырчыларды таптакыр жок деп айтууга болбойт дейт. Арасында таланттуу, кесипкөй ырчыларыбыз бар. Аны менен катар үндөрүн компьютердин жардамы менен шөкөттөп, бир ырды аткара албаган жаш таланттар бар экенин айтты. Ырчынын айтымында мурун Көркөм кеңеш ар бир ырды, аткаруучуну талдап, тандап чыгарчу. Тилекке каршы учурда андай мекеме жок деп баса белгиледи.

-Жандуу ырдаган жаш ырчылар бар. Бирок тилекке каршы аз. Биз ырчы болгондон кийин ар дайым үнүбүздү машыктырып, ырдап, кам көрүп турушубуз керек. Концерттер жандуу өтүшү керек. Эл билип калды азыр ким кандай, кантип концерт берээрин. Ошондуктан ырчы болгондон кийин кандай гана жагдай болбосун жандуу  бир канча ырды аткарганга даяр болушубуз керек.

Бир-эки ыр жаздырып, концерт бергене шашкан жаштардын көп экенин айтып нааразы болгон ырчы Мерген Турган мындай нерсеге чек коюуну туура көрөт. Чыгармачылыкта көп нерсе акчага чечилип калганын айтып, а түгүл ырчылар үчүн анекдоттор  жаралып, билимдүү, күчтүү таланттарга сөз тийип жатканы аны өкүндүрөт.

-Эл тааныганы да тааныбаганы да ырчы. Эки күн ырдап, демөөрчү таап концерт берип калды. Концерттер дагы көбүн эсе жандуу эмес. Бул туура эмес көрүнүш. Таланттуулар аз. Бир анекдотту угуп калып, аябай чычаладым эле эч болбосо ырчы болом деген, азыр ошол нерсе туура болуп жатат.

Азыркы шоу бизнестеги ырчылардын билимине болгон сын пиркирлер дагы бар. Эфирлерде жөнөкөй тапшырмаларды да аткара албай калганына күбө болгонбуз. Ошол себептүү аткаруучулардын билими туурасында Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинин директору, КРнын Эмгек сиңирген артисти Гулзинат Суранчиевага кайрылдык.

Анткен менен азыр жаңы чыкканы да, таланттуусу да өз чыгармаларын техниканын жардамы менен шөкөттөйт. Бул иште алардын үндөрүн жакшыртып, чыгарманы уккулуктуу кылууда аранжировщиктердин эмгеги көп. Алардын бири Марат Ашыровдун айтымнда тескерисинче үнү жок деп сындалып келген ырчылардын эмгегин бүтүрүү оңой.

Ырдын даярдалуу убактысы ар кандай. Багына жараша болот. Кээде үч саатта шөкөттөлүшү бүткөн да учурлар болот же 3-4 айда бүткөн эмгектер да болот. Баардык эле ырчынын үнүн жасайбыз. Антпесе окшойпой калат. Бирок үнү жок, нотага түшүп ырдай албаган аткаруучулардын үнүн жасап коюш  оңой эле болот. Бир ырдын шөкөттөлүшү Кыргызстанда 500-600 доллар, ал эми үн түшүрүү үч миң сомдон 200 долларга чейин.

Эскерте кетсек, өлкөбүздө беш жүздөй ырчы бар. Бирок ар биринин өзүнүн аудиторясы болот.

Copyright © 2017 Maral FM