Биз менен байланышыңыз

«Фонограмма менен ырдаган артисттердин “өмүрү” кыска болот»

Талаш талкуу | 25 Дек 2018 | 1077 | 0

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында «Фонограмма менен ырдоого чектөө коюш керкпи?» деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Мирлан Самыйкожо алып барды.

Бизге байланышкан угармандардын 61% ырчыларга фонограмма менен ырдоого тыюу салуу керектигин айтса, калган 11 угарман «тыюу салуунун кажети жок» деген пикирде. Төмөндө айрым угармандардын ою менен бөлүштүк.

Угарман:

— Бир ырчы күнүнө 10дой тойго барат. Анын баарында кантип жандуу ырдайт? Үнү жетпей калат. Андыктан фонограмма менен ырдай беришсин. Анткени чектөө коюлса да колдоно беришет.

— Ырчы талантын үнү менен көрсөтүшү керек. Фонограмма менен ырдаганга тыюу салуу зарыл.

— Бизде жаш ырчылар концерт коёюн десе орун жок болуп, филармония бош болбой калат. Концерт койгонго, жандуу ырдоого шарт, зал жок. Айылдарга гастролго барсаң мурдагы кампаларды оңдоп маданият үйүнө айлантып алышкан. Акустика жоктугунан үн жаңырат. Мындайда жандуу ырдаганда үн жакшы угулбайт. Спорт ордосуна барып жандуу үн менен ырдап көрсөңөр билесиңер. Андыктан фонограммага тыюу салбаш керек.

— Ырчылар бир ырына 200-300 доллар алат. Анан кантип жасалма ырдашсын? Ошондуктан фонограммага тыюу салуу зарыл. Илгери ырчылар жандуу үн менен эле ырдап келишкен.

— Фонограммага тыюу салуу үчүн залдар акустикага жооп бериши керек. Эгер фонограмма менен ырдоого тыюу салынса Кыргызстанда аз эле ырчы калат. Себеби музыкалык аспап менен ырдаган ырчылар аз. Илгери заман башка эле. Азыр технология өнүктү.

— Фонограмма менен ырдай беришсин. Болгону салык төлөп турушсун.

— Мен каршымын. Бир жолу жаздырганын кайра-кайра аткара беришет. Чыгармачыл адам жүрөгү менен жеткирип ырдашы керек. Андыктан фонограммага тыюу салуу зарыл. Биз өнөрдү баалайлы.

— Фонограмма менен ырдаган ырчылардын “өмүрү” кыска болот.

— Фонограмма акырындык менен жоюлат. Рынок өзү эле баарын ордуна коёт.

Мира:

— Фонограмма менен ырдоого каршымын, тыюу салуу зарыл. Айрымдар 20 тойго барган ырчынын үнү бүтүп каларын айтууда. Анда эмнеге «Манасты» күн-түнү айтышса да чарчашкан эмес?

Гуля:

— Жандуу ыр менен ырдаган артисттерге көбүрөөк акча төлөш керек. Эгер фонограмма менен ырдаса анда аз акча алышсын.

Нурбек:

— Фонограммага макул эмесмин. Биз ырчынын талантын көрүү үчүн чакырабыз. Жасалма ырдап акча алып кеткени туура эмес. Теле-радиолордо фонограмма менен ырдай беришсин. Бирок акча төлөнгөн жерде жандуу үн менен ырдашсын.

Болот:

— Жандуу ырдаганда үн жаңырат деген сөз калп. Айылдагы залдарга мурда да концерт коюшкан. Эл ошол кезде рахат алып угуп, колдоп отурушчу. Жандуу үн менен аткарылган  чыгарма эс алдырат.

Кубат:

— Биздин ырчылардын деңгээли фонограммасыз ырдоого жете элек. Артык кылам деп тыртык кылып албайлы. Орто Азия боюнча ырчыларды салыштырсак биздин артисттердин деңгээли төмөн. Фонограмманы тыйбаш керек.

Whatsapp:

— Фонограмма менен ырдагандарды угуп жатабыз. Мисалы, радиолорго барганда ырчылардын «тамагым оруп атат» деген шылтоосу көп. Мен фонаграмма 100% каршымын.

— Мен да фоногармма менен ырдоого толук каршымын. Себеби таланттуу адамдар ырчы болот. Мисалы, аккордеон менен ырдаган таланттуу балдар тойлордо эртеден кечке чарчабай эле жандуу үн менен ырдашат. Эгер фонограмма менен ырдай беришсе анда таланты жок эле адамдар ырчы боло беришет.

— Фонограмма менен ырдагандарга кошулбайм. Себеби ырчылар тойго келип мээнетти актабайт 5 миң сомдон 500 $ чейин алып кетет.

КР композиторлор союзунун төрагасы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын жана А. Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Турдубек Чокиев:

— Фонограмма менен ыр аткарууну мыйзам менен токтотууга болбойт. Бул убактылуу нерсе. Ага мамлекет тарабынан көзөмөл болушу керек. Алсак, филармонияда фонограмма менен ырдоого уруксат бербеш керек, себеби ал жер окустиканын талаптарына жооп берет. Жандуу ыр болгондо аткаруучу менен угармандардын ортосунда өзгөчө атмосфера пайда болот. Нукура таланттар фонограммасыз эле ырдашкан. Же болбосо илгери жакшы апппарат бар беле? Бул жерде жогорку кесипкөйлүк бар. Угармандар фонограмма менен ырдаган артисттердин концертине барбай койсо… Фонограмманы жоюу боюнча көп сунуштар айтылган. Бирок кайдыгерлик бар. Баары эле экономика, саясий талаш менен алектенип кетип калууда. СССРде артисттер жандуу ун менен ырдап укмуш наамдарды алышкан. Маданият минсирлиги көңүл бурушу керек. Жок дегенде министрликке тийешелүү мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салынса өзгөрүү болот. Тагыраагы фонограмма менен ырдагандарга мамлекеттик маданий мекемелерде сахнага чыгууга тыюу салуу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM