Биз менен байланышыңыз

Кыргызпатент улуттук сынак жарыялады

Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 1136 | 0

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) чыгармачыл адамдарды колдоо, аларга көмөк көрсөтүү максатында улуттук сынак жарыялады. Бул тууралуу Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик фондунун жетектөөчү адиси Динара Акун кызы «Марал» радиосуна билдирди.

Сынакка авторлор мурда эч жерде жарыяланбаган прозалык, поэзиялык чыгармалары, илимий-популярдуу эмгектери, илюстрацияланган балдар көркөм адабияты, альбомдор, каталогдор, социалдык-гуманитардык багыттагы брошюралар, плакаттар, буклеттер аркылуу катышса болот. Сынак 30 жаштан жогорку курактагы авторлор арасында өтүп, эмгектер 2020-жылдын 15-июнунан 30-ноябрына чейин кабыл алынат.

Сынактын жобосу жана өткөрүү тартиби боюнча кеңири маалымат www.patent.kghttp://fund.patent.kg/ сайтына жайгаштырылган. Андан тышкары (0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29 номерлери аркылуу кызыккан суроолорго жооп алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM