Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эми жасалма кол сатыкка чыгат

Коом | 30 Мар 2019 | 953 | 0

30 жаштагы Дастан жасалма кол жасады. Ал мындай иш менен дээрлик төрт жылдан бери алектенип келет. Дастан сунуштаган жасалма кол беш функцияны аткарат. Ал учурда төрт протез колду толук жасап бүтүп, муктаждарга жардам катары акысыз берүүнү көздөп жатат. Дастан менен маектешкенибизде бизге буларды билдирди:

— 2015-жылы колу жок бир адамды көрүп, аябай боорум ачыган. Ошондо ушул жасалма кол тууралуу идея акылыма келген. Алгач долбоорлоп, схемасын түзүп, андан соң, электромиограф аппаратын таап жасап баштаганбыз. Ошондон бери протездерди үзбөй жасап келебиз. Буюртмаларды эки жумада жасап бүтөбүз. Биз жасаган протездер 5 кыймылды аткара алат. Кармап коё берүү, ручка, вилка жана унаанын рулун башкарганга мүмкүнчүлүк бар.

Негизи роботту 5-6 жаштан жасап баштаса болот. Кызыккандар үчүн Кыргызстанда атайын окуу борборлору бар. Жыл сайын бул багытка кызыккандардын саны күн санап өсүүдө. Мындай пикирин Роботтор лигасынын директорунун орун басары Акылай Төлөгөнова билдирди.

-Робот жасаганды үйрөтүү курсуна 5-6 жаштан баштап кабыл алабыз. Робот жасоо негизинен 16 баскычтан турат. Бир баскычты бүтүрүүгө төрт ай окутулат. Бүгүнкү күндө Бишкек боюнча 120дан ашуун окуучу тарбия алууда. Бизде балдар алгоритмикалык ой жүгүртүүсү өсүп, программалоону үйрөнүшөт. Алар ар бир сабак сайын жаңы робот жасашат.

Азыркы тапта жаңы өнүгүп келе жаткан робототехника тармагына мамлекет көңүл бөлөбү? Бул суроону Кыргызпатентке узаттык. Алардын айтымында, роботторду жасагандар үчүн атайын имарат бөлүнүп берилген.

-Кыргызпатенттин алдында мамлекеттик интелектуалдык менчик фонду бар. Бул фонд тарабынан жыл сайын балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүлүп келет. Мунун алкагында робототехника боюнча жаңы ийрим ачылды. Бул ийримди өткөрүүгө Кыргызпатент бекер имарат бөлүп бергенбиз.

Футурологдордун айтымында, 2025-жылга барып, дүйнөдөгү ири компаниялардын көпчүлүгү роботторду ишке ала баштайт. Божомолдор боюнча 2022-жылга карата дүйнөлүк робот чыгаруучу компаниялар роботтордун 23%ы адамга окшош болорун жана жер үстүндө да, суу астында да жүрө аларын, ал тургай космоско учурса да болорун айтышат.

Copyright © 2017 Maral FM