Биз менен байланышыңыз

Кытай менен АКШ санкцияларга мораторий киргизишти

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 920 | 0

Кытай менен Американын өлкө башчылары Си Цзиньпинь менен Дональд Трамп Аргентинадагы G20 саммитинде жемиштүү сүйлөшүүгө жетишишти. Эми эки тарап 3 ай боюнча бири-биринин товарларына тарифтик төлөмдөрдү көбөйтүшпөйт. Ошондой эле Вашингтон кытайлык экспортко санкция киргизүүнү токтотуп, Кытай болсо Америкадан ири көлөмдөгү айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын сатып алат. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

90 күн күчүндө турчу мораторий эки жак белгилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү үчүн таанылды.

Ошентип эки державанын убактылуу болсо да ынтымакка келиши Буэнос Айрестеги дүйнөнүн эң күчтүү экономикага ээ 20 өлкөнүн башчыларынын жыйынынын эң маанилүү жетишкендиги катары сыпатталууда. Ага чейин эл аралык коомчулук «Эки президент кол алышып учурашар бекен?» деген суроону талкуулап жаткан болчу.

Эске салсак, ушул жылдын жаз айларынан тарта Америка Кытайдан импорттолуучу 250 миллиард долларлык товарга санкция салып, салык төлөмдөрүн 20-50%га көтөрүп койгон. Ал эми Пекин дал ушундай эле жооп кылып, АКШдан импорттолуучу 110 миллиард долларлык товарга санкция киргизген.

 

Copyright © 2017 Maral FM