Биз менен байланышыңыз

Түндүк Корея өзөктүк ишканаларын жабат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 726 | 0

Расмий Пхеньян өзөктүк каражаттарды өндүрүүчү бардык заводдорун жок кыларын убадалады. Бул тууралуу АКШнын Түндүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Биган кабарлады.

Анын айтымында Пхеньян менен өткөргөн сүйлөшүүлөр жемишин берип, өзөктүк кооптуу программасын токтотмой болду.

«Президент Трамп Түндүк Корея менен күрөштү бүтүрүүгө даяр. Аларга сокку урбайбыз жана режимди кулатууга аракет жасабайбыз»,-деди Стивен Биган.

Бирок, азырынча буга толук ынанып, АКШнын Түндүк Кореяга киргизген санкцияларын артка кайтарууга эрте. Бул үчүн Вашингтон кошумча пландарды иштеп чыгып, Пхеньян сөзүнөн баш тартса, жасай турган кадамдарын даярдоосу керектигин кошумчалады.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп дагы Түндүк Корея менен «укмуштай сонун» келишимдерге жетишерин жарыялаган болчу. Ал үчүн эки тараптуу жолугушуунун күнү менен жайын жакын арада ачыктарын маалымдаган. Бирок дүйнө коомчулугу Пхеньяндын өзөктүк куралдануудан баш тартуусунан жана Американын тынчтык орнотуу аракетинен күмөн санап жаткан чагы.

Канткен менен президент Ким Чен Ын Американын санкциялары өлкөсүнө зыян алып келүүсүнөн даттанып, бул үчүн шарттарды аткарууга даярдыгын билдирген. Ошондой эле ал узак жылдардан бери кагылышып келген Түштүк Корея менен мамилесин да жолго коюп, бир катар кызматташтыктарды баштаганы маалым.

Copyright © 2017 Maral FM