Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 189 | 0

Кыргызстанда 14-декабрга карата коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 19, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM