Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жарандарын тоногон украин «каржы пирамидачылары» изделүүдө

Кыска кабар | 13 Дек 2021 | 390 | 0

Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси («Каржы пирамидаларын уюштуруу») менен козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Каржы пиамидасын» Украина мамлекетинин жарандары В.К., Е.Т., В.Ж., О.С., М.С. жана Кыргыз Республикасынын жарандары А.Ч., Н.И. жана А.Ж. түзүшкөнү аныкталды.

Алар келген жарандарга салган акчаларын 260% үстөк менен кайтарып берүүгө убада кылышып, алдоо жолу менен каражат топтошкон.

Шылуундарга алданган 5 миңден ашуун адамдын салган акчасы 3 млн АКШ долларын түзгөн.

Иликтөөнүн натыйжасында, «Г.К.» жана «К.Ж.Г.» жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи И.Н.Б. менен кассири Ж. А. Э. кармалып, камакка алынды. Ал эми иштин негизги уюштуруучулары, жогоруда айтылган адамдар чет өлкөгө качып кеткени белгилүү болуп, издөө жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM