Биз менен байланышыңыз

Түрк ишкерин уурдап, акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

Кыска кабар | 11 Дек 2021 | 903 | 0

Түркиялык ишкерди уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр түрк ишкерден 3 млн доллар акча каражатын талап кылган.

Аны уурдоонун уюштуруучусу А.Б. аттуу жаран ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталды.

Түркиялык ишкер үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Кыргызстанга учуп келген. Аны кылмыштуу топ «Манас» аэропортунан документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Андан соң тапанча менен коркутуп, акча, саат, телефон, ноутбук ж.б. баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип жеке менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан.

Андан соң уурдагандар уюштуруучу А.Б.нын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, түрк ишкерин жасалма түрдө кое беришип, уурдоону уюштурган А.Б. ны барымта катары алып калышкан.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облусунун ИИББнин «Манас» аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM