Биз менен байланышыңыз

Иш учурунда ичимдик ичкен ИИМдин кызматкери иштен алынды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 10569 | 0

Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жанара Мусаева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Мусаева жумуш учурунда спирт ичимдигин ичкен. Бул боюнча иликтөө жүргүзүлүп, Мусаеванын кызматтык тартипти одоно бузганы аныкталган.

ИИМ ошондой эле Жанара Мусаеванын бир тууганы 2016-жылы декабрда Кочкор райондук соту тарабынан «адам өлтүрүү» фактысы менен үч жылга эркинен ажыратылганын, бирок бул милиция кызматкеринин ишине эч кандай таасир тийгизбегенин маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM