Биз менен байланышыңыз

Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 1980 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

6-декабрда БШК Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча жоопко тартууга макулдук берген.

Ошол эле күнү Таштанбеков айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM