Биз менен байланышыңыз

Жапаров электромобилдердин бирин сынап көрдү

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 179 | 0

Министрлер кабинети өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулууда. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электромобилдерди ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

Акылбек Жапаров транспорттун туруктуу түрүнө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз электробустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алуудабыз», — деди ал.

Жапаров электромобилдердин ар кыл моделдерин көрүп чыгып, анын бирин сынап көрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, лизингге электромобилдерди берүү механизмдери, ошондой эле Президенттин Иш башкармалыгынын автопаркын транспорттун экологиялык түрү менен кайра жабдуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM