Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 1402 | 0

28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Мыйзам боюнча соңку жыйынтык шайлоо өткөндөн кийин 20 күн ичинде жарыяланат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышты.

4-декабрь саат 17.00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо бюллетендердин 99,96% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

Өлкөдө жалпы 2494 шайлоо тилкеси ачылган болсо, анын 2493үндөгү протоколдор маалыматтык серверге киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM