Биз менен байланышыңыз

БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов УКМКга сурак берип чыкты

Кыска кабар | 3 Дек 2021 | 457 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал «Маралга» тастыктады.

Кайрат Маматов «Айыл Банк» ачык акционердик коомундагы иликтенип жаткан коррупциялык иштер байланыштуу күбө катары суралган.

«Ал жерде Финпол бардыгын текшерген. Мен ага көмөктөшкөнмүн жана ар дайым жардам берүүгө даярмын. Мен 3 жылдан бери ал жерде иштебейм. Насыя берилгенден кийин аны башкаруу деген түшүнүк бар. Банктык мыйзамга ылайык, ошол жерде 3 жылдан бери иштегендер жооп берет», — деди Кайрат Маматов.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3%ы гана жетип, калганын чиновниктер туугандары менен алып иштетип келишкенин айткан. Мындан улам ал Эсептөө палатасына кредиттерди иликтеп чыгуу тапшырмасын берген.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) менен иликтөө ишин баштаган.

Кайрат Маматов 2013-2019-жылдары «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM