Биз менен байланышыңыз

УКМК Текебаевдин телефону боюнча үн катты

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 580 | 0

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин телефону Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында табылгандыгы тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалымат боюнча УКМК билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, “Парк Отелдин” жанында Текебаевге байланыштуу болгон окуяга УКМКнын жана анын кызматкерлеринин да тиешеси жок. Социалдык тармактарда тараган жогорудагы маалыматтар коопсуздук органдарына карата чагымчылдык аракет болуп саналат.

УКМК саясатчыларды жана алардын тарапташтарын чагымчыл аракеттерден, мамлекеттик органдарды, ошондой эле, УКМКны мындай аракеттерге айыптоо аракеттеринен алыс болуп, анын ордуна тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү боюнча арыз менен кайрылууга чакырган.

Ошондой эле УКМКга карата жалаа жабуу, негизсиз айыптоо үчүн жоопкерчиликтер каралганын эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM