Биз менен байланышыңыз

Текебаев өзүнө болгон кол салууну саясий террор деп атады (видео)

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 440 | 1

Бүгүн, 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болду. Бул тууралуу Текебаев өзү социалдык тармак аркылуу түз эфирде билдирди.

Маалыматтарга караганда, «Парк Отелдин» жанында отурган саясатчыга 3 кичиавтобус менен 70тей адам келип, кол салган. Жерине милиция барганы кабарланды. Саясатчынын оозу канап, шишип калган сүрөтү тарады.

Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек жана Текебаевге кол салгандар ким экени азырынча белгисиз.

Текебаев ал жерге барган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнө болгон кол салууну саясий террор катары баалады.

«Бул — саясий террор. Саясий мотив менен адамга кол салып, уурдап кеткенге аракет кылышты. Эгер алар уурдап кетип, тоого алып барышса эмне болмок эле, аны айтуу кыйын. Бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты ушундай. Президенти коркутту, УКМКсы коркутту», — деди Текебаев.

1 пикир

1 пикир

  1. Зоя

    01.12.2021 18:32

    Текебаевдин озунун кылганы, озу уюштурганго болбосо жакшы еле урушуп кетишмек кок ала кылып, атайлап келишсе.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM