Биз менен байланышыңыз

БШК саясий партиялардан сунуш күтмөй болду

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 742 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-декабрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын көрсөтүүдө кетирилген техникалык катанын себептерин тактоо боюнча комиссия түзүү жана ага кимдер кирери тууралуу саясий партиялардан сунуштарды күтөт. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кабарлады.

1-декабрда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйын өттү. Ага шайлоого катышкан партиялардан өкүлдөр, бир мандаттуу округдан катышкан айрым талапкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңешке «Ынтымак» партиясынан талапкер Марлен Маматалиев атайын адистерден турган жумушчу топ түзүп, серверде ким ката кетиргенин, эмне ката кеткенин иликтеп чыгууну сунуштаган.

Шайлдабекова парламенттик шайлоодогу бюллетендерди кол менен саноо бардык добушканаларда аяктаганын, бирок протоколдор серверге киргизилип бүтө электигин айтты.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM