Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Бюллетендердин 37 пайыздан ашууну кол менен саналып бүттү

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 1147 | 0

Бүгүн, 1-декабрь саат 11:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 37,73% кол санактан өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2494 шайлоо тилкесинин 941инде бюллетендер саналды.

Буга чейин автоматташтырылган системада добуштардын 98,16% эсептелген.

Кол менен саналган бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында:

«Ата-Журт Кыргызстан» 15,04%,

«Ынтымак» 14,52%,

«Ишеним» 12,25%,

«Ыйман Нуру» 7,42%,

«Альянс» 6,97%,

«Бүтүн Кыргызстан» 5,78%,

«Эл үмүтү» 5,76% добуш алды.

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы бир канча убакытка иштебей калган. Кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

УКМК буга байланыштуу териштирүү ишин баштады.

УКМК: БШКнын сервериндеги программалык кодду оңдоодо ката кеткен

Copyright © 2017 Maral FM