Биз менен байланышыңыз

УКМК: БШКнын сервериндеги программалык кодду оңдоодо ката кеткен

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 824 | 0

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын көрсөтүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын серверинде кеткен туура эмес маалыматтар боюнча УКМК кылмыш иш козгоп, териштирүү иштерин баштаган. Андан белгилүү болгон жагдайлар боюнча Атайын кызмат билдирүү таратты.

«БШКнын сервериндеги мүчүлүштүк маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. Жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган.  Жогоруда аталган веб-ресурстун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн. Бирок БШКнын техникалык адистери тарабынан жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, 28-ноябрда шайлоо аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир канча убакыттан кийин кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылган.

Copyright © 2017 Maral FM