Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга жогорулатты

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 735 | 0

Улуттук банк эсептик ченди 8 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу банктан кабарлашты.

Банктын жүйөсү боюнча, дүйнө жүзүндө жана Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндө инфляция жогору болууда.

Кыргызстанда экономиканын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек. 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшү 1,6 пайызды түзгөн.

Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү 4,1 пайыз чегинде катталган.

Өлкөгө акчалай которуулардын көлөмү өсүп, экономиканын калыбына келишинде жакшы натыйжа берген. 2021-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде жеке адамдар которгон акча каражатынын таза агымы 19 пайызга жогорулады. Тагыраагы, 1,6 млрд долларга жакын акча которулду.

2021-жылдын ноябрь айында инфляция жылдык мааниде 12,1 пайызды түзгөн. Жыл башынан тарта баалар 9,5 пайызга өскөн.

Улуттук банк ушул жылдын октябрь айында эсептик чен өлчөмүн 7,5% деңгээлинде сактап турган. Жылдын башында февраль айында 5,5 пайыз болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM