Connect with us

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 11 млрд куб метрге чейин азайды

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 319 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 60 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 165 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 518 куб метрге жетүүдө.

Быйыл Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.

Copyright © 2017 Maral FM